10 questions
1.Эмнелерди жазуу булактары деп аташат?
а) Башкаруучулардын көрсөтмөлөрү, буйруктар,бардык иш-кагаздар,каттар
б) Эмгек куралдар, тиричилик буюмдар,кийим,куралдар
в) Уламыштар,оозеки түрүндө берилген жомоктор
г) Каттар,уламыштар,ар кандай иш-кагаздар,тиричилик буюмдар
2. Томирис ким болгон?
а) перстердин башкаруучусу
б) хундардын шанүйү
в) усундардын күнбагы
г)сактардын башкаруучусу
3. Сактардын негизги кесипчилиги ............ болгон
а) карапа жасоо
б) жер иштетүү
в) кооздук буюмдарды жасоо
г) көчмөндүү малчылык
4. Б.з.ч I миң жылдыкта Фергана өрөөнүндө өнүккөн жер иштетүүчү отурукташкан маданияты бар мамлекет пайда болгон. Ал жерде .............. жашаган.
а) усундар
б) сактар
в) давандыктар
г) кытайлар
5. Улуу Түрк кагандыгынын негиздөөчүсү ................. болгон.
а) Истеми
б) Мухан
в)Бумын
г) Маодун
7. 751-ж. Кытай жана Араб аскерлери кайсы жерде салгылашкан.
а) Энесайдагы Суңга токоюнда
б) Борбордук Азиядагы Ордо Балыктын жанында
в) Талас суусунун боюндагы Атлах шаарынын жанында
г) Улуу Кытай сепилинде
“Сан Таш” орто кылымдагы кайсы басып алуучунун ысымы менен байланыштуу
а) Амир Темир
б) Чынгызхан
в) Захреддин Бабур
г) Тоглук Тимур
8. Ким жөнүнүдө сөз болууда?
XVIII к. экинчи жарымында Фергана аймагын жердеген кыргыз урууларын жетектеген аскербашчы жана саясий ишмер. Ал кыргыз урууларынын көз карандысыздыгын жана эркиндгин калмак жана кокондук баскынчылардан коргогон.
а) Жайыл баатыр
б) Кубат бий
в) Еренек бек
г) Жарбаң баатыр
9.Эгемендүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги ..........кабыл алынган.
а) 1999-ж.
б) 1992-ж.
в) 1995-ж.
г) 1989-ж.
Кыргздын улуттук валютасы сом качан чыгарылган?
а) 1999-ж. 19-июнда
б) 1993-ж. 10-майда
в) 1983-ж. 11-июлда
в) 2000-ж 16-мартта